Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-октябры № 37
Кара-Булак мечитинин ремонт иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө
Айгыр-Жал айылындагы Кара-Булак мечитинин ремонт иштерин жүргүзүүгө акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып,Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылындагы Кара-Булак мечитинин ремонт иштерин жүргүзүүгө акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылындагы Кара-Булак мечитинин ремонт иштерин жүргүзүүгө Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен түзүлгөн сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |