Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 1
Тоо кен тармагы боюнча ишмердүүлук жүргүзүп жаткан ишканалардын ишмердүүлүгү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы,Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 05.09.2017-жылдагы №9 буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмалардын иштери боюнча мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмалардын иштери боюнча мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагында тоо-кен тармагы боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан фирмалар боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылсын:
-Ишкана жетекчилери айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып барышсын.
-Ишке жайгаштырууда жергиликтүү тургундарды кабыл алуу боюнча тең салмактуулук сакталсын.
-“Чаарат”ЖЧКнун жетекчиси депутаттар менен жолугууга кайрадан сессияга чакыртылсын.
-“Жамгыр Голд”,”Азия Голд”,”Оптимум трейд”,”Голден Хенд”ишканаларынын мыйзамсыз жасалып жаткан иштери боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылуу жолдонуп,ишмердүүлүгүн токтотуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук,укук тартиби,жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |