Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 2
Аймактагы социалдык обьектилердин абалы тууралуу
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 14.08.2018-жылдагы №8 буйругунун негизинде Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан мектеп,бала бакча,саламаттыкты сактоо,спорт тармагы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы,ремонт иштеринин жүрүшү,кышка карата даярдыктары жөнүндө маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан мектеп,бала бакча,саламаттыкты сактоо,спорт тармагы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы,ремонт иштеринин жүрүшү,кышка карата даярдыктары жөнүндө маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.
2. Маалыматта айтылган сын-пикирлерди,кемчилдиктерди жылдын аягына чейин жоюу боюнча иш алып баруу жагы айыл аймак башчысына жана мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин жана төмөнкү иштер кечиктирүүсүз аткарууга алынсын:
-“Айчубак”бала бакчасынын тамак-ашын бышыруу үчүн конфоркасын алып беруу
-Кайын-Суу ФАПынын имаратын ремонттоого каражат бөлүп берүү
-Кайын-Суу орто мектебинин авариялык абалын эске алып,жаныдан курууга ылайыктап долбоорун даярдатуу
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият,билим берүү,саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |