Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 3
Жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 04.06.2018-жылдагы №2 буйругуна ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын берген маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүү боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагындагы жайытка малдарды жайгаштыруу боюнча маалымат даярдоодо убактысы кечиктирилгендигине байланыштуу жана маалыматта көрсөтүлгөн кемчиликтердин аткарылышы боюнча жылдын жыйынтыгы менен кайрадан кароого сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы озумо калтырам.
Төрага | Ж. Бегалиев |