Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 4
Жалал-Абад областынын Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун тактоо боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-жылынын 30-октябрь айынын №63 буйругунун негизинде бекилген, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Каныш-Кыя айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
2. Каныш-Кыя айылдык аймагынын калктуу конушунун чек арасын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |