Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 5
Аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XVI сессиясы Чакмак-Суу айылынын жалпы тургундарынын айылдын көчөлөрүнө ысым берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Чакмак-Суу айылындагы аты жок көчөлөрүнө Нур,Маданият,Келечек деген ысымдар ыйгарылсын.
3. Көчөгө номерлерин илүү менен көчөнүн көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу айыл аймакка милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |