Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 6
Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасы менен жайыт комитетин бириктирүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХVI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга бекитилген сметадагы акча каражатын жетпеген статьяларына которуп берүү боюнча жана Каныш-Кыя МТС муниципалдык ишканасы менен бириктирүү, штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Дөөлөтовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга бекитилген сметадагы акча каражаты жетишпегендигине байланыштуу тиешелүү статьяларга №1 тиркемеге ылайык которулуп берилсин.
3. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитети менен “Каныш-Кыя МТС”ишканасын бириктирүүгө уруксат берилсин жана №2 тиркемеге ылайык Каныш-Кыя МТС бөлүмүнүн штаттык бирдиктери бекитилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |