КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
2018-жылдын 06-ноябры № 7
Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын штаттык бирдитерин жана тарифин бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктери,тарифтик бааларын бекитүү жонүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя Тазалык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя Тазалык ишканасынын штаттык бирдиктери жана тарифтик баалары № 1,2 тиркемелерге ылайык бекитилип берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |