Редакцияот 06.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

 

2018-жылдын 06-ноябры № 8

Чебурашка балдар бакчасына “наристе курактагылардын” тайпасын ачуу жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы Каныш-Кыя айылындагы Чебурашка бала бакчасынын “наристе курактагылардын”тайпасын ачуу боюнча бала бакча башчысы Г.Рыскулованын кайрылуусун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айылындагы Чебурашка бала бакчасынын “наристе курактагылардын”тайпасын ачуу боюнча бала бакча башчысы Г.Рыскулованын кайрылуусун эске алынсын.

2. Чебурашка бала бакчасына ”наристе курактагылардын”тайпасын ачууга уруксат берилсин жана балдардын тамак-ашына жумшалуучу тиешелүү каражаты бөлүнүп берилсин,тайпаны ачууда талапка ылайык жетишпеген инвентарларына керектелүүчү каражаты 2019-жылдын бюджетинен бөлүп берүү Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Бегалиев