Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры № 9
Аймактык шайлоо комиссиянын курамынын резервин бекитип берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине Каныш-Кыя айыл аймагынан көрсөтүлгөн тизмесин карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Каныш-Кыя айыл аймагынан берилген сунуштар эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул резервдик курам борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |