Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 10
Беш айылдын көчөлөрүн жарыктандыруу долбоору жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынан Чаткал райондук өнүктүрүү фондусунун каржылоосуна аймактагы беш айылдын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча жазган долбоорун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу боюнча жазган долбоорунун сметалык баасы 20 788 678 сом экендиги белгиленсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымы үчүн 580 530 сом акча каражатын бөлүп берүүго уруксат берилсин.
3. Чаткал райондук өнүктүрүү фондусунан сметалык баасынын 20 208 148 сом акча каражатын каржылап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |