Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры №11
Жер салыгынын базалык ставкасын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгынын айыл чарбасы үчүн жер салыктарынын базалык ставкасын бекитүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык айыл чарба багытындагы жер салыгынын базалык ставкасын бекитип берүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын жана МСКнын Чаткал району боюнча башкармалыгынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча айыл чарба багытындагы жерлердин климаттык шартыбызга байланыштуу толук иштетүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, жер салыгынын базалык ставкасы мурдагы бойдон өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |