Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №1
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө толуктоо өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө толуктоо өзгөртүү киргизүү тууралуу Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүусун угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетигинин чыгаша бөлүгүнө толуктоо өзгөртүү киргизүү тууралуу Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө № 1 тиркемеге ылайык 1003,9 миң сом акча каражатына толуктоо өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилсин.
3. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө толуктоо өзгөртүү киргизүүдөгү акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |