Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №2
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү кошумча түшкөн акча каражатын жумшоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2018-жылга пландан ашыкча аткарылган киреше салыгына 1980,0 миң сомго кошумча план алууга уруксат алууга жана кошумча суралган акча каражатын чыгымдоого уруксат берүү боюнча айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетигинин киреше бөлүгүнө 2018-жылга пландан ашыкча аткарылган киреше салыгынан 1980,0 миң сомго кошумча план алуу жагы суралсын.
2. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2018-жылга кирешеш салыгынан ашыкча түшкөн 1980,0 миң сом акча каражатын төмөнкү чыгымдарга жумшоого уруксат берилсин:айыл аймагынын башкаруу аппаратына (70111) разделине ар кандай чыгымдар (22154900) статьясына 350,0 миң сом,толук орто мектептерге (70921)разделине электр энергиясына 1130,0 миң сом;толук эмес орто мектептерге (70922)разделине электр энергиясына 150,0 миң сом.бала бакчаларга (70911) учурдагы чарбалык максаттар үчун сатып алууларга 200,0 миң сом берилсин.
3. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2018-жылга киреше салыгынан ашыкча түшкөн 1980,0 мин сом акча каражатын,жогорудагы бөлүнгөн боюнча өз убагында мыйзамдуу пайдалануу жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге жана ФЭБнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |