Редакцияот 23.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы

 

2019-жылдын 23-январы № 3

Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматына ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2018-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 88698,7 миң сомго,чыгаша бөлүгү 88 698,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Бегалиев