Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 5
Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүңдө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүн угуп,көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Канш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан топтоонун көлөмү № 1- тиркеменин негизинде 2019-жылга карата 74 322,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражат салыгына 1 950,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин,анын ичинен мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге 1 580,8 миң сом, башкаруу аппаратына 369,5 миң сом өлчөмүндө киреше бөлүгү бекитилсин.
3. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркеменин негизинде 2019-жылга карата 74 322,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондго чегерүүгө жана коммуналдык чыгымдарга, бала бакчалардын тамак - ашына, сапар чыгымдарына жумшалаары белгиленсин.
4. Кыргыз Рсепубликасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1% же 743,2 миң сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн. Ошондой эле ушул мыйзамдын 110-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, айыл аймагынын бюджетинин кассалык накталай жүгүртүлүүчү акча каражатынын көлөмү жыл башына карата 200,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн бюджеттик каражаттар эсебинде 2019-жылдын 1-январына карата калган 10 624,0 миң сом акча каражаты жана атайын каражат эсебинде 2019-жылдын 1-январына карата калган 1 503,3 сом акча каражаттары №4 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
6. Айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө бюджеттик мекеме - уюмдардын жетекчилерин белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |