Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 6
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жөнүңдө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу,кесепеттерин жоюу,калктын коопсуздугун камсыздоо үчүн кол тийгис каражат бөлүп берүү максатында Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу,калктын коопсуздугун камсыздоо максатында кол тийгис каражаты үчүн 800,0 миң сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
2. Бул бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда өз багытында максаттуу пайдалануу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |