Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 9
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн сметасын, мал башына төлөнүүчү тарифтердин, штаттык бирдигин жана пайдалануу 24,0 га жайыт аянтын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Дөөлөтовдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзгөн сметасы, мал башына төлөнүүчү, штаттык бирдиги жана пайдаланууга 24,0 га жайыт аянты (№1,2,3,4,5) тиркемеге ылайык туруктуу комитеттердин карап чыгуусу менен бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети 5705411 сомго бекитилип, жер салыгы 160063 сомго, жайыт акысы 583357 сомго бекитилип, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин жана “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында, жайыт акынын 3төн эки бөлүгү 1166714 миң сом Жайыт комитетине которулуп берилсин жана 3төн бир бөлүгү 583357 миң сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын башкаруу аппаратынын 3111 беренесине бекитилсин.
4. Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында Каныш-Кыя айыл аймагына ветеринардык клиника салуу боюнча сметалык баасы 6 822 680 сомдук долбоорунун өздүк салымы үчүн 1 705670 сому Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
5. Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2 долбоорунун алкагында алынып келинген техникаларын иштетип жаткан МТС Каныш-Кыя ишканасы Жайыт комитетине кошулгандыктан,ишкананын өздүк эсебиндеги акча каражаты,25 га тоңдурма айдалган жери,11 га көп жылдык чоп эцпарцет айдалган жери жана 22 тонна буудай,6,5 тонна арпасы Жайыт комитетине мыйзам чегинде өткөрүлүп берилсин.
6. Ишкананын эсебиндеги үрөндүк буудайдын сатылуу баасы 17 сомдон,арпанын сатылуу баасы 13 сомдон бекитилип,сатыкка коюлсун.
7. 2018-жыл ичинде кармалган бөлтүрүктөргө жана 2019-жылда атылган ар бир карышкырга 5000(беш миң)сом өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлыктары Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин инфрастуктурага каралган акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Дөөлөтовго милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага | Ж. Бегалиев |