Редакцияот 23.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы

 

2019-жылдын 23-январы № 10

“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы “Каныш-Кыя Тазалык” ишканасынын 2019-жылга карата түзүлгөн сметасын жана таштанды чыгаруу үчүн бааны бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата түзүлгөн сметасын жана таштанды чыгаруу үчүн бааны бекитип берүү жөнүндө кайрылуусу эске алынсын.

2. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджети 5 332 886 сомго бекитилип, анын ичинен бюджеттен 3 895 299 сом субсидияга берилсин.(1-2-тиркеме тиркелет)

3. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата түзүлгөн штаттык бирдиги,таза сууга жана таштанды чыгаруу үчүн тарифтик баалары 3-4-5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Чонатаевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Бегалиев