Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 11
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын тургундары Адилбекова Мейилкандын кызы Жолдубек кызы Айдананын оорусуна байланыштуу,Чалданбаев Көбөктүн баласынын оорусуна,Абдылдаева Гулмиранын оорусуна байланыштуу,Чонатаева Айнагүлдүн оорусуна байланыштуу дарыланууга,1-группадагы майып Наргозиев Мирбектин үйү жоктугуна байланыштуу жана Кожобеков Ойгонбайдын үй салууга жардам берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын тургундарынын жардам берүү жөнүндөгү кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Адилбекова Мейилкандын кызынын дарылануусу үчүн 15000(он беш миң) сом,Коргон-Сай айылынын тургуну Чалданбаев Көбөктүн баласынын дарылануусуна 70000(жетимиш миң) сом,Айгыр-Жал айылынын тургуну Абдылдаева Гулмиранын дарылануусуна 25000(жыйырма беш миң) сом,Айгыр-Жал айылынын тургуну Чонатаева Айнагулдүн дарылануусуна 70000(жетимиш миң) сом,Айгыр-Жал айылынын тургуну 1-топтогу майып Наргозиев Мирбекке 70000 (жетимиш миң)сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Каныш-Кыя айылынын тургуну Кожобеков Ойгонбайдын үй куруусуна керектелүүчү каражатты бөлүп берүүгө Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин тартыштыгына байланыштуу мүмкүнчүлүгү жок экендиги эске алынып,бөлүнүп берилбесин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |