Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXV- сессиясы
2019-жылдын 9-апрели № 35/2
Кара-Суу айыл аймагына караштуу айылдарынын муниципалдык ишкана ачуу боюнча жалпы элдик жыйналышынын протоколун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Кара-Суу айыл айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык ишкана түзүлсүн.
2. Муниципалдык ишкананын толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилдеги фирмалык аталышы «Келечек-Кара-Суу» муниципалдык ишканасы
Расмий тилде фирмалык аталышы: муниципальное предприятие «Келечек-КараСуу»
3. Муниципалдык ишкананын уставы бекитилсин.
4. Муниципалдык ишкананын юридикалык дареги Кыргыз Республикасы,Нарын областы,Кочкор району Мантыш айылы Касым көчөсү №23 болсун.
5. Муниципалдык ишкананы юридикалык жак катары Нарын облусттук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Салбаров Райымбек Ибраимовичке жүктөлсүн.
Мамлекттик каттоодон өткөрүү жөнүндөгү ушул буйрукта көрсөтүлгөн маалыматтардын жана мамлекеттик каттоого тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүүмамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынгча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | К. Жумабеков |