Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 12
Чаткал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г.Ибраеванын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Чаткал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г.Ибраеванын имарат салууга долбоорун даярдатуу жана курдуруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Г.Ибраеванын кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештирип эсепке алуу бөлүмүнүн имаратынын долбоорун даярдатууга керектелүүчү каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. 2019-жылдын 3-4-кварталдарында кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен түзүлгөн долбоорго ылайык курулуш иштерин баштоого уруксат берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |