Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 13
Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнүн жетекчиси К.Молдобековдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнүн жетекчиси К.Молдобековдун өздүк имараттынын долбоорун даярдатуу,курдуруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнүн жетекчиси К.Молдобековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнүн өздүк имаратынын долбоорун даярдатууга керектелүүчү акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |