Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 14
Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Акжол уулу Равшандын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Акжол уулу Равшандын кошумча жылытууга көмүр,өрт өчүрүүчү шаймандарын алуу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Акжол уулу Равшандын кайрылуусун эске алынсын.
2. Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин кошумча жылытуусу үчүн керектелүүчү көмүрү жана өрт өчүрүүчү шаймандарын алууга тиешелүү акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |