Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 17
Чаткал.кg сайтынын жетекчиси М.Эшназаровдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Чаткал.кg сайтынын жетекчиси М.Эшназаровдун Чаткал районунун таланттуу тургундарынын китептерин чыгарууга колдоо көрсөтүү жана сайтка керектелүүчү түстүү принтерь алып берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал.кg сайтынын жетекчиси М.Эшназаровдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал районунун таланттууларынын ичинен Башкы-Терек айылынын тургуну I топтогу майып Мамытова Акберметтин ыр жыйнагын чыгарууга 30000(отуз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана сайтка керектелүүчү түстүү принтерь алууга каражат бөлүүгө жергиликтүү бюджеттин тартыштыгы белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча жана бюджет,экономика,финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |