КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 18
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин этика кодексин бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын Типтүү этика кодексине ылайык Каныш-Кыя айылдык кеңешинин этика кодексин карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын Типтүү этика кодексине ылайык Каныш-Кыя айылдык кеңешинин этика кодекси бекитилсин.
2. Бекитилген этика кодексин сактоо жана ага ылайык иш алып баруу Каныш-Кыя айылдык Кенешинин бардык депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Бегалиев |