Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 19
Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Эшалиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Эшалиевдин Кайын-Суу орто мектебинин имаратын жаңыдан куруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.Эшалиевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Кайын-Суу орто мектебинин имаратынын авариялык абалда экендигин эске алуу менен долбоорун даярдатууга керектелүүчү акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
2. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |