Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 20
Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын жашоочуларынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын Кармоцех жана Кара-Булак участкаларынын жашоочуларынын 10-11-класстарынын окуучуларынын орто мектепке каттап окуусундагы кыйынчылыктары жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр-Жал айылынын жашоочуларынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин 10-11-класстарындагы Кара-Булак,Кармоцех,Кара-Суу участкаларынан каттап окуган окуучулары үчүн транспорт каттамын уюштуруп берүү Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |