Редакцияот 23.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы

 

2019-жылдын 23-январы № 21

Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айылынын баш имамынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айылынын баш имамы У.Акуловдун борбордук мечитти ремонттоо боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айылынын баш имамы У.Акуловдун кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айылынын борбордук мечитине заман талабына ылайык шарт түзүү үчүн ремонт иштерин жүргүзүүгө керектелүүчү акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Бегалиев