Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVI- сессиясы
2019-жылдын 25-апрели № 36/1
Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Мойнок айылынын таза суусун кайра ондоп түзөө иштерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Мойнок айылынын депутаты Бейшенкулов Улукбек Муратбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Сууайыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Мойнок айылынын 2019-жылга карата таза суусунун ондоп түзөө иштеринин кошумча сметасы Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы №175-б буйругундагы № 9 стандарттык форма келишимине ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген кошумча сметага ылайык жумуштарды аткаруу жагы “Ак жол” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
3. Аткарылган жумуштарды сметага ылайык кабыл алуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жумабеков |