Редакцияот 23.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы

 

2019-жылдын 23-январы № 22

№46 кесиптик лицейинин директору Б.Алибековдун кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы №46 кесиптик лицейинин директору Б.Алибековдун окуу жабдыктарын алууга көмөк көрсөтүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №46 кесиптик лицейинин директору Б.Алибековдун кайрылуусу эске алынсын.

2. №46 кесиптик лицейи Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу муниципалдык обьект болбогондугуна байланыштуу окуу жайга окуу жабдыктарын алууга каражат бөлүп берүү мыйзамга туура келбегендиги белгиленсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж. Бегалиев