Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 23
Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин директору А.Стамбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин директору А.Стамбековдун кошумча жылытуу үчүн колорафиль алып берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин директору А.Стамбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебине кошумча жылытууга колорафиль алууга Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |