Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 24
Айылдык китепканага каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Башкы-Терек айылынын айылдык китепканасынын башчысы Р.Корголдоеванын моделдик китепканага керектелүүчү инвентарларын алып берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы-Терек айылынын айылдык китепканасынын башчысы Р.Корголдоеванын китепканага инвентарь алууга каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылынын айылдык китепканасынын башчысы Р.Корголдоеванын моделдик китепкананын талабына ылайык инвентарларын алууга керектелүүчү 97000 (токсон жети миң)сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |