Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 25
“Дан-Эл-Строй”ЖЧКсынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы “Дан-Эл-Строй”ЖЧКсынын жетекчиси К.Карабаевдин имаратын куруп бүткөндөн кийин чатырчасы өрттөнүп кеткен “Тоо гүлү” бала бакчасынын чатырчасын кайрадан ишкананын эсебинен калыбына келтирүүгө кеткен каражатты жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Дан-Эл-Строй”ЖЧКунун жетекчиси К.Карабаевдин бала бакчанын имаратынын чатырын кайрадан калыбына келтирүүгө кеткен чыгымы боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. “Тоо гүлү”бала бакчасынын чатырын кайрадан калыбына келтирүүгө кеткен чыгымын кайтарып берүү жөнүндөгү маселе мыйзамдуулук,этика боюнча туруктуу комитеттин кароосуна калтырылсын жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |