Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 26
Депутат А.Кудайкуловдун арызын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Кудайкуловдун орун басарлыктан бошотуп,туруктуу комитеттердин составына кошуп коюу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Кудайкуловдун арызы канааттандырылсын жана бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин мүчөсү болуп киргизилсин.
2. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин орун басарлыгына бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин мүчөсү У.Каратаев шайлансын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Бегалиев |