Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 27
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын катын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 24-январындагы катында көрсөтүлгөн жазык аткаруу инспекциясын кеңсе жабдыктары менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын каты эске алынсын.
2. Жазык аткаруу инспекциясына компютер жабдыктары менен камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Бегалиев |