Загрузка документа…
АЧА-КАЙҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № I /I
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун 2018-жыл ичинде айыл аймагында аткарылган иштер боюнча жылдык отчету жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүндө 2018-жыл ичинде бир катар иштер аткарылганы белгиленсин.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун 2018-жыл ичинде айыл аймагында аткарылган иштер боюнча жылдык отчету канааттандыраарлык деп баалансын.
3. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына кошумча иш пландар менен толуктоо жагы каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |