Загрузка документа…
АЧА-КАЙҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № I/II
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги обьектер жана мүлктөр реестрин 01.01.2019-жылга бекитүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги обьектер 2019-жылдын 1-январына карата балансалык баасы 28431665,4 мин сомго бекитилсин.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги мүлктөр 2019-жылдын 1-январына карата факты түрүндөгү баасы 2912,3 мин сомго бекитилсин.
3. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги 2019-жылдын 1-январына карата бекитилген обьектер жана мүлктөр реестриндеги баалуулуктарга жоопкерчилик тартуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |