Загрузка документа…
АЧА-КАЙҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № I/III
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысы М.Норузбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата колдонулуучу жайытка чыккан малдын тарифи төмондөгүдөй бекитилсин.Алыскы Ак-Сай өрөөнүндө жайы-кышы жайлап кыштаган мал башына1(бир) баш бодо малга 63сом,1(бир)баш кой-эчкиге 12сом,алыскы,ортоңку,ички жайыттарга жайлаган мал үчүн 1(бир)баш бодо малга 42сом,1(бир) баш кой-эчкиге 6 сом тарифи колдонулсун.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата жылдык бюджетинин киреше бөлүгү 371,2 мин сомго бекитилсин.
3. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылга карата жылдык бюджетинин чыгаша бөлүгү 371,2 мин сомго чыгымдалсын.
4. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бекитилген жылдык бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууну аткаруу жагы жайыт комитетинин башчысы М.Норузбаевге тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |