Загрузка документа…
АЧА-КАЙҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-февралы № II/I
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жаратылыш активдерин пайдалануу учун дагы башка толомдордон кошумча түшкөн акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жаратылыш активдерин пайдалануу учун дагы башка толомдордон “Арстан” жоопкерчилиги чектелген коомдон 225,0 мин сом жана “Таамай”жоопкерчилиги чектелген коомдон 157,5 мин сом баардыгы 382,5 мин сом кошумча түшкөн акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн:
- Б.Токтогонов көчөсүнө шагыл төгүүгө 149,4(бир жүз кырк тогуз миң төрт жүз ) сом.
- И.Наркеев көчөсүнө түн чырактарын коюууга 143,1 (бир жүз кырк уч миң бир жүз ) сом
- темир труба алуу узуну 5 метр диаметри 1 метр 60,0 (алтымыш миң сом)
- Таш жол астындагы жана Орто-Кайындагы – Кашат учаскасындагы аянттарга жер алдынан суу чыгаруу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө 30,0 (отуз миң) сом
Баардыгы 382,5 (үч жүз сексен эки миң беш жүз) сом.
2. Келген акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |