Загрузка документа…
АЧА-КАЙҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-февралы № II/II
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан 2019-жылга ашкан акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл 2018-жылдан 2019-жылга ашкан акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн:
- айылдык Кенештин төрагасынын эмгек акысына-10,6 сом.
- социалдык чегерүүсүнө -1,9 сом
- мамлекеттик сатып алуулар,долбоорлор менен иштөөчү адистин эмгек
акысына -62,3 сом
- социалдык чегерүүсүнө -10,7 сом
- бала-бакчанын япондук грант долбоордун өздүк салымына-48,0 сом
- айыл өкмөтүнүн имаратынын капиталдык ремонтунун өздүк салымына-352,0
- тренажердук залдын инвентарь жана ремонтунун өздүк салымына-150,0 сом - айыл өкмөтүнө караштуу кызматтык авто унаасына запчасть алууга-40,0 сом
- аксакалдар сотуна сый акы-18,0 сом
- мамлекеттик сатып алуулар порталы боюнча окууга-16.0 сом
- аксакалдар сотуна жана бузуулар боюнча комиссияга компьютер алуу-25.0сом - Нооруз майрамына-50,0 сом
- чарбалык иштерге күйүүчү май алуу – 40,0 сом
- спортко күйүүчү май алуу -50,0 сом мунун ичинен
Ордочуларга-10,0
Футболчуларга-10,0
Волейболчуларга-10,0
Улакчыларга-20, 0
-Техникалык шарт алууга 6 точка көчөлөргө-30,0 сом
-Архивдеги документтерди өткөрүү (1996-2013-жылдары)-35,0 сом
- Көчөлөргө зым алуу-100,0 сом
-Майда чыгым-19,0 сом
-Тренажердук залга тараза алуу-2,5 сом
-Веб сайт кызмат акысы-8,0 сом
-Жайыт бөлүмүнө жайыт акы 3/1 -114,3 сом
-Мектеп майда ремонт иштерине-22,0 сом
-башкы суу сактагычтын ремонт иштерине-30,0
-Айылдык ФАП ка принтер алуу 3в 1-25,0 сом
-Ардактуу атуул-20,0 сом
- Б.Токтогонов көчөсүнө шагыл төгүүгө -10,6 сом
Баардыгы 1290,9 (бир миллион эки жүз токсон миң тогуз жүз) сом.
2. Атайын эсептеги ата-энелерден түшкөн акыдан бала бакчага азык-түлүк алууга -5,4 сом
3. 2018-жылдан 2019-жылга ашкан акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |