Загрузка документа…
АЧА-КАЙҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-марты № III/I
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайрылган кайрылууларды кароо жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер,турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Кожомбердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайрылышкан Н.Асаналиев көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Н.Асаналиев көчөсүнүн түштүк чыгышындагы Кайынды сайынын жээгин бекемдөө максатында Ат-Башы райондук ӨКМ нин бөлүмүнөн габион сеткалары суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн жер,турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Кожомбердиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |