Загрузка документа…
АЧА-КАЙҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-марты № III/II
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайрылган жаны конушта жашаган айыл тургундарынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл тургуну Калназаров Жыргалбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайрылышкан Жаны конуш көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ача-Кайынды айыл аймагындагы жаны конуштагы көчөгө айылдын тургуну Калназаров Карачанын ысмы ыйгарылсын.
3. Жаны ысмы ыйгарылган көчөгө тиешелүү номурлуу табличкалар менен камсыз кылуу, жылыга ички майда инфраструктурасына жардам кылып туруу жагы Калназаров Жыргалбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн жер,турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси У.Кожомбердиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |