Загрузка документа…
АЧА-КАЙҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-марты № III/III
Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешине кайрылган ЖЧК “Чеч Дөбө транс” фирмасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы А. Мурзалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешине кайрылган ЖЧК “Чеч Дөбө транс” фирмасынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. ЖЧК “Чеч Дөбө транс” фирмасынын Ача-Кайынды - Ат-Башы жол каттамынын тарифи 10(он)сомго бекитилсин.
3. 2016-жылдын 13-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын ЖК тарабынан кабыл алынган мыйзамынын 167,168-статьяларынын негизинде 6 жашка чейинки балдарга жол кире акысын албай ташууга,7жаштан 12 жашка чейинки балдарга окуу мезгилинде 50% жол кире акысын төлөтүп ташуу бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана ЖЧК “Чеч Дөбө транс” фирмасынын жетекчисине тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |