Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 21
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Зайнидин Кудайбердиев өз арызы менен 9.06.1994-жылы №19 сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Зайнидин Кудайбердиев Кызыл-Бел айылындагы 9.06.1994-жылы №19 сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |