Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 24
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын тургуну КаламбековРахматилло Маматович өз арызы менен 26.11.2002-жылы
№11-174 сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Кызыл айылынын тургунуКаламбековРахматилло Маматович Чет-Кызыл айылындагы 26.11.2002-жылы №11-174 сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,15 га жер аянтынКара-Бак айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |