Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 26
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын тургуну Нуралиев Анаркул Алиевич өз арызы менен 04.04.2007-жылы №4-30 сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,10га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын тургуну Нуралиев Анаркул АлиевичКара-Бак айылындагы 04.04.2007-жылы №4-30 сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,10га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |