Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 29
Бай Карабакайылынын тургуну А.Гапарованын арызын кароо жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Бай Карабак айылынын тургуну Гапарова Ажаргүл Бай Карабак айылынын түштүк батыш тарабында жайгашкан 0,10га жерине токтом чыкпай калгандыгына байланыштуу, көп жылдан бери пайдаланып келе жаткандыгын эске алып, өзүнө бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Бай Карабак айылынын түштүк батыш тарабында жайгашкан 0,10 гажер аянтын көп жылдан бери пайдаланып келе жаткан Бай Карабак айылынын тургунуГапарова Ажаргүлгө бекитип берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |