Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 32
Кара-Бак айылынын кырман жайынын ген планын бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айылындагы кырман жайды карап,талкуулап,өткөзүлгөн коомдук угууну эске алып, ортодо жолсуз калып кеткен муниципалдык жерди четке чыгарып, ынгайлаштырып айрым сунуштарды,курулуп калган дукөндөрдү,кичи футбол аянтын эске алып генпланды бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын кырман жайындагы ортодо калып кеткен муниципалдык менчиктеги жерге код коюлуп, Тажибаев Жеңишбектин атындагы жер менен алмаштырылып, күн чыгыш жагындагы жол боюна чыгарылсын.
2. Тийиштүү түзөтүүлөр менен долбоор болуп чийилген ген план бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |