Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 34
Кара-Бак айылындагы борбордук стадиондун ген планын өзгөртүү менен 25.04.2003-жылдагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн суу кампанын №4-85/1токтомун жокко чыгарууга сунуш берүү жөнүндө
Кара-Бак айылындагы борбордук стадиондун генпланындагы эскилиги жеткен суу кампанын жокко чыгаруу акты жоктугунан, борбордук стадионго чыккан токтом болбогондуктан, чийме чек арасын тактап, өткөрүлгөн коомдук угуунун протоколун эске алып генпланын бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 25.04.2003-жылдагы №4-85/1 токтомун 2-пункутундагы суу кампага бекитилип берилген 0,981га жер аянтын жокко чыгаруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Кара-Бак айылынын борбордук стадионуна жана суу кампасына келишилип бөлүнгөн чектер боюнча суу кампага жана борбордук стадионго жаңыдан токтом чыгаруу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Борбордук стадиондун айланасын тийиштүү мекемелер менен келишилип долбоор болуп чийилген генпланы бекитилсин.
4. Түзүлгөн генпландын негизинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |